Казакстандын экспорту 30 % өстү

Казакстандын экспорту 30 % өстү

Казакстандын экспорту 30 % өсүп, 48 миллиард доллардан ашты. Ошол эле учурда өндүрүлүп жаткан өндүрүштүн көлөмү акыркы 4 жылдын ичинде 32 пайызга көтөрүлдү. Инвестиция жана өнүктүрүү министирлигинин маалыматтары боюнча сырткы соода жүгүртүүсү 69 жарым  миллиард долларды түзгөн.  Ата Мекендик өндүрүштөр дүйнөнүн 123 өлкөсүнө экспорттолгон.

ЖЕНИС КАСЫМБЕК, КР ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- 2018-жылдын 2 айлык жыйынтыгы боюнча экспорт 8,8 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы көрсөткүчтөн 27,4% көп. 2010-2017-жылдарда экпортёрлорго 112,6 миллиард тенгеден ашуун өлчөмдө каржы-камсыздандыруу, экспорттук соода каржылоого 14,7 миллиард тенге жана экспортко чейинки каржылоого 5 миллиард тенге жардам катары көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары 204 казакстандык экпортёрлорго мамлекет 1 миллиард 600 миллион тенге өлчөмүндө колдоо көрсөткөн. Айта кетсек, казакстандык өндүрүштү талап кылган өлкөлөрдүн сап башында Орусия жан Кытай турат. Экспорттук географияны кеңейтүү боюнча иш аракеттер болуп жатат. Бул нерсеге эркин соода аймагы өбөлгө болот. Азыркы тапта Казакстан Индия, Египет. Сингапур жана Израиль өлкөлөрү менен келишим түзүүнү мерчемдөөдө.

ТИМУР СУЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

– 2015-жыл Вьетнамга болгон чийки эмес экспорт 9,5 миллион доллар болгон. 2017-жылы бүл көрсөткүч 272 миллионго өскөн. Мындан сырткары, экспорттук документтер да жакшырды. Мурда 3 документ болсо, азыр 1 гана документ электрондук негизде берилет.

Азыркы тапта Казакстан экспорттоп жаткан товарлардын катарын: буудай, ун, май жана буурчак толуктайт. Чийки эмес экспорттоодо өсүү уланат. Өкмөт аны 2022-жылга карата бир жарым эсе өстүрүүнү көздөп жатат.