Британиялык компаниялар Казакстандын инфраструктуралык долбоорлоруна кызыктар

Казакстан чет өлкөлүк инвесторлорго кызыктуу. Лондондо өткөн семинарда британдык ишкерлер өз кызыкчылыгын көрсөтүшкөн. «Kazakh Invest» жана Казакстандык ири компаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте Казакстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти. Айта кетчү нерсе, британдык ишкерлер тоо кен өнөр жайы, инфраструктура жана айыл чарба багыттарындагы ишмердүүлүккө кызыгышты.

САПАРБЕК ТУЯКБАЕВ,  «KAZAKH INVEST» УК» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Этти иштетүү боюнча ири ирландык компаниясы менен сүйлөшүүлөр болду. Мындан башка металлургия, саламаттыкты сактоо, маалыматтык технологиялар жана билим багыттарында мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча бир нече долбоорлорду талкууладык.

Катышуучуларга Казакстанда бизнес баштоо мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлорго берилген артыкчылыктар боюнча кенен маалымат айтылды. Улуу Британиянын мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эки тараптын иштешүүсүнө өбөлгө болчу көп жагдайлар бар экенин тастыкташты. Өзгөчө кызыгууну жараткан билим берүү тармагы болду.

БАРОНЕССА ЭММА НИКОЛСОН, УЛУУ БРИТАНИЯ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН КАЗАКСТАН БОЮНЧА СООДА ӨКҮЛҮ:

Мени Казакстан берип жаткан мүмкүнчүлүктөр таң калтырды. Эки өлкө ар кандай багыттарда кызматташса болот. Билим берүү багытын сөзсүз кошуу керек. Сапаттуу билим берүү – азыркы мезгилдин маанилүү багыты.

МЕТЬЮ АНДЕРСОН, TVET UK АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Казакстандын билим берүү программаларына ири салым алып келүү үчүн Улуу Британиядагы Казакстан Элчиси жана Казакстан Республикасынын министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бир жыл ичинде  техникалык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорлор көтөрүлдү. Биздин каржылообуздун жардамы менен алар иш жүзүнө ашат деп ишенемин.

Казакстандык делегациянын ишмердүүлүгү Казакстанда ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча бир канча эки жактуу сүйлөшүүлөр менен уланды.