Эркин соода аймагын куруу келишими

Эркин соода аймагын куруу келишими

Бугу айынын он жетисинде Казакстанда Астана экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБ жана Иран ортосунда убактылуу эркин соода жүргүзүү мерчемделүүдө. Аталган иштин аткаруу тартиби катышуучу өлкөлөрдүн вице-премьерлери жана Иран өлкөсүнүн  вице-президентинин катышуусу менен өтөт. Аталган документ казакстандык ишкердүүлүккө да олуттуу таасирин тийгизет деп билдирет КР Улуттук экономика министри Тимур Сулейманов. ЕАЭБдин курамына Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан жана Орусия өлкөлөрү кирет.

ТИМУР СУЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Иран тарифтик концессиялардын 6 белгиси боюнча 241 товар позициясын сунуштайт, бажы салыгы олуттуу төмөндөйт. Потенциалдуу экспорттун жалпы көлөмү 8 млрд. Биз анда 8 миллиарддын барын ал жака жеткиребиз дегендик эмес, бул өзүбүздүн товарларды жеткизүүгө даяр экенибизге жана логистиканын канчалык жакшы өнүккөнү, Иран рыногунда канчалык аттандаштыкка  туруктуу болоорубузга байланыштуу болот. Бирок биз товарларды төмөн наркта  жеткирерибиз ырас.