Астана экономикалык форуму азыркы замандын чакырыктарына жооп берет. Ошондуктан бул жылы дүйнөлүк аналитикалык аянт кайра иштетүүгө мажбур. АЭФ алдына планета жана адам заттын келечегине көз чаптыруу максатын коёт.  Дал ушул максатта форум Global challenges summitке айланды. Маалыматтын көлөмү жана берүү ыкмасы өзгөрөт. Эгер мурда салттык панелдик  сессиялары болсо, бул ирет алардын катарын: TED talks, инновациялык презентациялар, воркшоптор жана келечектеги рынокту өнүктүрүү жана ага таасир эте алчу визионер-аналитиктердин сүйлөөсү менен толукталат. АЭФте биринчи жолу жаштар үчүн да атайын программа каралган. Астанадагы алдыңкы ЖОЖдын алкагында, алдыңкы экономисттердин катышуусундагы лекциялар өткөрүлөт. Алдыда боло турчу иш-чаранын олуттуулугу боюнча атамекендик эксперттер  өз ойлорун билдиришти.

САПАРБАЙ ЖУБАЕВ, ЭКОНОМИСТ:

 - Казакстан жана Борбордук Азияга экономикалык процесстер кандай таасирин тийгизип жатат жана биз кандай чечимдерди кабылдашыбыз керек, ошондой эле бул чакырыктарга жооп беришибиз кажет Экономикалык өсүштү жана биздин жашоочуларыбыздын социалдык жагдайын кантип жакшырта алабыз. Урбанизация. Бул өтө оор көйгөй. Европа өлкөлөрү бул процесстен XIX-XX-кылымдарда эле өтүшкөн. Азыркы тапта алардын көйгөйү  Африка жана Жакынкы Чыгыштан келип жаткан миграция.

Мындан сырткары, форумдун алкагында Казакстанга арналган стратегиялык сессия өткөрүлөт. Серепчилердин айтымында, иш-чаранын чоңоюшу өлкөгө улуттук өнүгүү стратегиясын мындан ары түзүү боюнча сунуштарды карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

ТИМУР СУЛЕЙМЕНОВ,  КРнын УЛУТТУК ЭКОНОМИКА  МИНИСТРИ:

- Эгер мурда форумдун сунуштары экономикалык, каржылык саясатка гана колдонулуп келсе, эми коноктор бизге адамдык капиталды, технологияны өнүктүрүү жаатындагы саясатты кеңири түшүнүктө түзүүгө жардам берет деп ишенип турабыз. Ресурстук түзүлүш жаатындагы өнүгүү. Бул анын айырмаланган түрү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии