Казакстан Африка өлкөлөрү менен эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар. 2020-жылга чейинки сырткы саясат концепциясында африкалык багыт эң маанилүүлөрдүн бири болуп саналат. Өткөн жылы эки элдин дипломатиялык карым-катнашы орногонуна 25 жыл толгон. Түштүк Африка республикасынын Казакстандагы элчисинин айтымында, азыркы тапта өлкөлөрдүн кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү көп. Айрыкча, айыл чарбачылыгы, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, билим жана каржы багыттары караштырылып жатат. Ошондой эле, мамлекеттер жогорку кызмат адамдары жана дипломаттар үчүн виза маселесин жеңилдетүүнү пландоодо. Бул ич ара мамилердин андан ары жакшыруусуна шарт түзмөк.

КИЙТУМЕТЦИ СИЙПИЛО ТАНДЕКА МЭТТЬЮС, ТАРДЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

 - Азыркы тапта биздин  коргоо компанияларыбыздын бири менен Казакстан ортосунда ири келишим бар. Бул эң  олуттуу инвестиция. Ушу менен кошо, Казакстан менен Түштүк Африка республикасы  арасында инженердик ишмердүүлүк, химиялык өндүрүү багыттары боюнча соода жүрүүдө. Эки эл тең табигый кен байлыктарды өндүрүшөт. Ошондуктан бул ыргакта эки жактуу кызматташуу орногон. Ушул тармактарда Казакстанда  колдонулуп жаткан шаймандардын басымдуу бөлүгү Түштүк Африкадан алынат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии