АЭКБ стартаптардын ишке ашуусуна өбөлгө

Астана эл аралык каржы борбору бардык стартаптардын  иш жүзүнө ашуусуна өбөлгө болот. АЭКБ бизнес-акселерациялык финтех-долбоорлорун баштады. QR-төлөмдөрдү, мобилдик капчыктар жана башка ноу-хау долбоорлору эл аралык каржы борборунун  алкагында колдоого алынат. Бул жерде мыкты долбоорлордун авторлору алдыңкы бизнес-устаттардан кеп-кеңеш угушуп, олуттуу инвесторлор менен таанышууга  мүмкүнчүлүк алышат жана ийгиликтүү ишкердүүлүктүн сырларын ачышат.  Акселерация программасы өзүнүн жемиштерин бере баштады. АЭКБга 33 өлкөдөн 144 өтүнмө келип түштү. Эки айдан кийин Казакстан, Орусия Грузия, Украина жана Норвегия өлкөлөрүнөн 10 мыкты долбоор тандалып алынды. 

АСЕЛЬ ЖИЕНБАЕВА, АЭКБ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА ДИРЕКТОРУ:

- Биз жергиликтүү стартаптарга 6 орун, ал эми эл аралык долбоорлорго 4 орун бердик. Бул нерсе ич ара кандайдыр атаандаштыкты пайда кылып, өнүгүүгө өбөлгө болот. Алар кайсы бир жерде бири-бири  менен иштешип, биргеликте долбоорлорду иш жүзүнө ашырышып, башка рынокко чыга алышат.