Казакстан жана Азербайжан товар айландырууну өнүктүрүшүүдө. Көрсөткүчтөр боюнча, ушул жылдын биринчи кварталында 2 эсе өскөн. Жеткирүүлөрдүн саны 2017-жылдагы 17,5 миллиондон, 48 миллионго көбөйгөн. Казакстан Азербайжандагы 15 ири экспортчулардын катарында. Аналиктердин айтымында, бул нерсеге өткөн жылы мунай сектору жана транспорт-логистикалык багытында болгон стратегиялык келишимдин жыйынтыгы себеп болду.

ВУГАР БАЙРАМОВ, КООМДУК-ЭКОНМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН ДИРЕКТОРУ:

-  Алдыдагы айларда соода бирикмеси жакшырат деп ойлойм.  Албетте эки өлкөнүн экспорт жана импортунда күйүүчү майдын үлүшү жогорулайт. Азербайжандык Алят портунундагы  терминалдын ачылышы келген жүктөрдүн санын жогорулатат. Бул ишкерлер үчүн абдан зор мүмкүнчүлүк. Бул эл аралык жүк ташуулардан мол киреше түшөт.

Аналиктер, соода алмашуунун көбөйүшү транспорт-логистикалык сектордогу байланыштардын жакшыруусунун улам деп белгилешет.

ЭЛЬХАН АЛЕСКЕРОВ, BAKU NETWORK ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШИНИН ДИРЕКТОРУ:

 - Белгилүү болгондой эле, Азербайжан Казакстандан дан, кээ бир өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн импорттойт жана айыл чарба өндүрүштөрүн, күйүүчү майдын жабдууларын экспорттойт. Машина куруу жана айыл чарба тармагы да өнүгөт деп ойлойм. Ал эми туризм маселеси дайыма актуалдуу.

Ушул жылдын алгачкы айларында Казакстандын Азербайжанга данды сатуусу бир канча эсе өстү. Алдыда тамак-аш өнөр жайы тармагында экспорт-импорт маселесин жакшыртуу каралууда.  Тарапташтар эки жакка тең пайдалуу болгон жаңы багыттарды өздөштүрүүгө камынышууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии