Ресурстук туруктуулуктан дүйнөлүк коопсуздукка чейин. Астана экономикалык форумунда 11 дүйнөлүк маселени талкулоо пландалууда. Алдыңкы окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары менен саясатчылар бир аянтчада дүйнөлүк көйгөйлөрдүн чечимин табуу жолдорун караштырат. Серепчилердин айтымында, азыркы таптагы маанилүү маселелердин бири - урбанизация. Мегополис тургундарынын бейпил өмүр сүрүшү үчүн интеллектуалдык системаларга негизделген смарт чечимдер зарыл.

ОЛЖАС САРТАЕВ, «ASTANA INNOVATIONS» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

 - Тургундардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу акылдуу чаралар бизге шаарды башкарууга жардам берет. Автобус багытын жакшы жасоо, жолдорду салуу, мектеп, ооруканалар  курула турчу жерлерди мыктылап тандоо сыяктуу маселелер бар. Мунун барын биз санарип технологиялардын аркасында пайдалуу жасай алабыз.

Астана келечекте коопсуз жана жайлуу шаарга айланат. Азыркы тапта баш калаанын инфраструктурасын жакшыртууга санариптик технологиялар колдонулуп келет.

ОЛЖАС САРТАЕВ, «ASTANA INNOVATIONS» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

 - Смарт-билим берүү, смарт саламатыкты сактоо, «Smart Astana» мобилдик тиркемеси гео маалыматтык системалар, Сергек сыяктуу технологиялардын баары жашоочулардын жашоо сапаптын жакшыртууга багытталган.

Жаңы инженердик төңкөрүш. Шаар курулуштарында пайдалануучу технологиялар. 2050-жылдагы шаарлар. Казакстан шаарларындагы адам капиталын өнүктүрүү рейтинги. Бул маселелердин баары Астана экономикалык форумунда талкууланат. Азыркы тапта бүгүн Казакстандын жаш борбору - Астана жогорку технологиялардын борбору катары саналып келет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии