Казакстан менен Орусия мамлекеттери аудит багыттындагы ынтымакташтыкты кеңейтишет

Казакстан менен Орусия мамлекеттери аудит багыттындагы ынтымакташтыкты кеңейтишет. Бул боюнча республикабыздын эсеп комитети жана коңшу мамлекеттин эсеп палатасы келишишти. Эки элдин ортосундагы суроо талаптар окшош. Бул - мамлекеттик програмамалардын ишке ашуусун көзөмөлдөп, бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу милдеттемелери. Жана мамлекеттик органдардын иш аракеттеринин эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө.  Казакстандык тарап Орусиялык өнөктөштөргө көзөмөлдөө жана анализдөө боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

НАТАЛЬЯ ГОДУНОВА, ЭСЕП КОМИТЕТТИНИН  ТӨРАЙЫМЫ:

- Орусиялык тарап бул жумушка даяр экенин билдирди. Алдыдагы айда биз жумуштарыбызды такташабыз. Эксперттик чараларды же аудит жүргүзөбүз. Бул ири мамлекет аралык долбоорлор, бул нерсеге көп каражат бөлүнгөн. Ошондуктан бул ресурстарды пайдалуу жумшалышын  көзөмөлдөө Казакстан менен Орусияга өтө маанилүү.

Мындай чаралардын маанилүүлүгүн Орусия эсеп палатасынын төрайымы да белгилеп өттү. Татьяна ГОликованын айтымында, биргелешип иш аткаруу аркылуу гана мамлекеттер аралык долбоорлорду көп санда ишке ашырууга болот.

ТАТЬЯНА ГОЛИКОВА, ОРУСИЯ ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

 - Биз энергетика, аскер техникалык өнөктөштүктү, космостук мейкиндикти өздөштүрүү жана башка тармактар боюнча биргеликте иш алып бара алабыз. Эң башкысы биз, Орусия Эсеп Палатасы жана Казакстандын Эсеп комитети менен биргеликте иш алып барууга ниеттенип, бир жыл мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашырууга максат койдук.

Тарапташтар билим багытында да өнөктөштүктү жандандырууга бел байлашты. Ал үчүн адистерди окутуп, квалификациясын арттыруу максат кылынды. Мындан башка экономикалык талдоо, электрондук аудит жана IТ-технология багыттары боюнча да өнөктөштүктү  күчөтүүгө кызыктар.