Англис укугунун Казакстанда колдонулушу

«Астана» эл аралык каржы борборунда англис укугун колдонуу- экономикалык менен укук тармагын өнүктүрмөк. Борбор кааладагы конференцияга келген Англия менен Уэльстин юристтери ушундай пикирде. Анткени англис укугу, эң алды бизнеске негизделген дешет отурумга катышкандар.  Казакстандагы Улуу Британиянын элчиси Майк Гиффорддун айтымында, Казакстан менен Улуу Британия арасында бизнес тармагы да, мамлекеттик маселелер да оң жолго салынган. Эл аралык сооданы өнүктүрүүдө Казакстан бул укукту пайдаланса эффективдүү болот дейт элчи.

МАЙК ГИФФОРД, КАЗАХСТАНДАГЫ УЛУУ БРИТАНИЯ ЭЛЧИСИ:

- Биз Казахстан менен укук тармагындагы тажрыйбаларбыз менен бөлүшүүгө кубанычтабыз. Улуу Британия “Астана” эл аралык каржы борборунун өнүгүүсүнө өз салымын активдүү кошуп келет. Борбордун соту англис укугуна негизделген. Эки өлкөнүн серепчилери ушул тармактагы суроолорду талкуулашат.

САЙМОН ДЭВИС, АНГЛИЯ МЕНЕН УЭЛЬСТИН ЮРИСТТЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИНИН ОРУН БАСАРЫ:

 - Англис сотунда кызмат көрсөтүүчү судьялар буга чейин юрист жана адвокат катары эмгектенишкен. Ошондуктан англис укугу адилеттүү деп саналат. Астанадагы эл аралык каржы борборунда эки түрлүү сот колдонулат. Биринчиси - Жогорку сот, экинчиси – арбитраждык сот. Арбитраждык сотто медиаторлор да кызмат көрсөтүшөт. Улуу Британиядан Казакстанга судъялардын келүүсү да каралган.

Конференция алкагында Улуу Британия өкмөтү «Legal services are Great» аттуу компанияны жарыялады. Ал Казакстан менен Бириккен королдук компаниялары, юридикалык фирмалар менен ушул тармактагы адистердин ич ара тажрыйба алмашуусуна жол ачмак.