“Самгау-2018” кыскаметраждуу тасмалар фестивалы жыйынтыгын Астананын 20 жылдыгына карай чыгарат. Теке айынын бешинде Чымкентте сынактын катышуучуларынын ысымы белгилүү болот. Ал эми сынакка билдирмелер теке айынын бирине чейин кабыл алынат. Өзүлөрүнүн тасмаларын 14 жаштан 29 жашка чейинки жаш режиссёрлор жөнөтө алышат. Уюштуруучулардын айтымында, бул жолу сынактын талаптары жумшартылды. Ага ылайык, 5-10 мүнөттүн ичинде коом арасында айтылып жүргөн социалдык көйгөйлөрдү, үй-бүлө баалуулуктары, коррупция менен күрөшүү, спорт, патриоттуулук жана Астана шаары тууралуу темаларды ачып бериш керек. Өткөн жылы сынакка 20 режиссёр катышкса, быйыл алардын саны эки эсе көп болот деп күтүлүүдө. 

БЕРЕКЕ ДУЙСЕБЕКОВ, ОБЛУСТУК ЖАШТАР РЕСУРСТУК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биз бул фестиваль аркылуу киноиндустриядагы жаңы жүздөрдү тарбиялап чыгарууну көздөп жатабыз. Жыйынтык кийинки айдын башында чыгарылат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии