«Kazakh TV» - Казакстан Республикасындагы алгачкы спутник желесине кошулган улуттук канал. Аталган канал өлкөдөгү ири медиа холдинг «Хабар агенттигинин» структурасына кирип, 2002-жылдын тогуздун айынын 25де алгачкы жолу «Caspionet» аталышында чыгып, өз көрсөтүүлөрүн эфирге берген. Учурда казакча, орусча, аңглис жана кыргыз тилдеринде эфирге чыгат.

2017-жылы жаңы сезондо «Kazakh TV» мультимедиялык форматка өттү. Эми көрүүчүлөр каалаган тилди тандап көрө алат. Аны менен катар, Кыргызстанда да көрүүчүлөр кыргыз тилинде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Eutelsat, GlobeCast жана RRsat аттуу ири спутник операторлору менен кызматташып, дүйнөнүн 117 өлкөсүнөн чагылдырылууда, 5,1 млрд аудиторияны камтып келет. Түндүк жана Борбордук Американы, Батыш жана Чыгыш Европаны, Австралия жана Океанияны, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Түштүк Кавказдарды кошкондо. «Kazakh TV» Казакстандагы жана Борбордук Азиядагы актуалдуу жана объективдүү маалыматтарды чагылдырат.

Эфирде башкысы Казакстандык жана дүйнөлүк жаңылыктар, саясат, экономика, спорт, маданият, атамекендик документталисттер жана классикалык заманбап кинолор, жеткинчектер үчүн кинолор, ошондой эле тарыхый-этнография багытындагы программаларды көрүүгө болот.